Биз менен байланышыңыз

Орусия Донецк менен Луганскты өзүнчө мамлекет катары тааныды

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Фев 2022 | 251 | 0

Орусия президенти Владимир Путин Донецк жана Луганск облустарын өз алдынча республика катары тааныган эки жарлыкка кол койду. Бул маалымат Кремлдин сайтына жарыяланды.

Андан соң Кремлдин Екатерина залында Донецк облусунун жетекчиси Денис Пушилин жана Луганск облусунун жетекчиси Леонид Пасечник менен келишимдерге да кол койду.

Айта кетсек, Украинанын чыгышында кырдаал курчуп, украиндердин чабуулу күчөп турганда, Донецктин жетекчиси Денис Пушилин эки облусту өз алдынча республика катары таанып, тургундарына убактылуу баш калка берүү өтүнүчүн жөнөткөн. Бул боюнча Орусия Коопсуздук кеңеши атайын жыйын өткөрүп, Луганск менен Донецкти республика катары таануу чечимине келишкен.

Екатерина залындагы кол коюу салтанатынан соң, Владимир Путин жергиликтүү телеканалдар аркылуу 40 мүнөттүк кайрылуу жасап, келишимдерди ратификациялап берүүнү Федералдык жыйынга тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM