Биз менен байланышыңыз

Ражабалиев: «Баткен-Кара-Бак» жолун асфальттоого 600 млн сом бөлүндү

Кыска кабар | 21 Фев 2022 | 655 | 0

Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Ражабалиев жана транспорт министринин орун басары Табалды Тиллаев Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургундары менен жолугушту.

Жолугушууда депутат район борборунан аталган айылга чейинки башкы жолго асфальт басууга мамлекет 600 млн сом бөлгөнүн айтып, жакынкы аралыкта иштер башталарын кошумчалады.

Транспорт министринин орун басары Табалды Тиллаев Баткен районундагы «Айгүл-Таш — Согмент», «Ак-Сай — Рават», «Кызыл-Бел — Достук» жана башка облустун аймагындагы айланма жолдордун курулуш иштери жакында башталарын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM