Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда айдоочуларды интернеттен текшерүү мыйзамы киргизилди

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Фев 2022 | 198 | 0

Өзбекстанда 1-марттан тарта айдоочулук күбөлүктүн жаңы түрүн, унаанын техникалык паспортун, аны пайдалануу укугунун тастыктамасын, ошондой эле жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу боюнча документ көрсөтүү талап кылынбайт. Бул тууралуу norma.uz маалыматтык-укуктук порталы жарыялады.

Тиешелүү мыйзамга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кол койду.

Эске салсак, Өзбекстандын Министрлер кабинети 2021-жылдын 15-октябрында ички иштер органдарынын ишмердигине маалыматтык технологияларды киргизүү боюнча чаралар жөнүндө токтом кабыл алган.

Мыйзамга ылайык, айдоочулардын жол кайгуул кызматкерине тапшырууга тийиш болгон бир катар документтери жок болсо, маалыматтарды атайын планшеттин жардамы менен ID-картадан текшерсе болот. Ошол эле учурда унаа ээлери жанына ID-картасын салып жүрүшү керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM