Абай көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдө жайгашкан «Ош пирим» телеканалынын кеңсесинен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
ӨКМ билдиргендей , саат 14:53тө өрттү өчүрүүгө Октябрь райондук No5 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган.
Өрт саат 15:02де чектөөгө , саат 15:27де толугу менен өчүрүлгөн.
Учурда өрттүн себептери такталууда.