Биз менен байланышыңыз

Баалардын өсүшү: Окуучуларга ысык тамак берилбей калды

Ден соолук , Коом | 21 Фев 2022 | 4443 | 0

Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында «Жарнама жөнүндө», «Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн сунушталган долбоорду четке кагуу каралды. Себеби анда көрсөтүлгөн талаптар Саламаттык сактоо министрлиги даярдап жаткан коомдук саламаттыкты сактоо долбоорунда да камтылат. Айта кетсек, өзгөртүү киргизүү долбоорун Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары сунуштаган. Мыйзам долбоору туура тамактанууга болгон балдардын укуктарын жүзөгө ашырууга багытталат.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында «Жарнама жөнүндө», «Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизген долбоорду четке кагууну Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев суранды.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан даярдалып жаткан коомдук саламаттыкты сактоо долбоорунда аталган мыйзам камтылат.

«Адам баласы иштегенде, окуганда сырткы факторлордун ар түрдүү таасирине кабылат. Алардын арасында физиологиялык талаптарды аткарганда да терс таасир этип калышы мүмкүн. Анын ичинде башталгыч класстын окуучуларынын физиологиялык талаптары өзгөчө болгондуктан, алардын тамак-ашын уюштурууда өтө кылдаттык менен тандабасак болбойт. Былтыртан бери бизде укуктук-ченемдик актылар, мыйзамдарды инвентаризациялоо иштери жүрүп жатат. Ушул мыйзамды биз жалпы «Калктын ден соолугун коргоо жана коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» мыйзам долбоорлорунда көрсөтүп жатабыз. Ошондуктан бул мыйзамдарды сиздерге алып чыкканга чейин токтотуп турсак деп суранып жатабыз».

Жыйын учурунда депутаттар окуучулардын ден соолугуна жана тамак-ашына байланыштуу көптөн бери чечилбей келе жаткан маселелерди көтөрдү.

Алсак, депутат Винера Раимбачаева мектеп окуучуларына берилип жаткан тамак-аштын сапаты начар экенин сынга алды.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова азык-түлүк кымбаттап кеткендиктен Каржы министрлигине балдардын тамагына бөлүнгөн каражатты көбөйтүп берүү өтүнүчү менен 2 жолу кат жазганын айтты.

Жусупбекова билдиргендей, райондун борборлорунда жана шаарларда бир баланын тамагына 7 сом каралса, тоолуу, алыскы аймактагы балдар үчүн 10 сом каралган.

«Ачыгын айтсак, райондордо жана шаарларда балдарга ысык тамак уюштуруу боюнча өткөн тендерлерге компаниялардын катышууга каалоосу жок. Балдардын туура тамактануусу боюнча жок эле дегенде менюнун 23 түрү бар. Ошого азыркы продуктулардын баасы өсүп кеткендиктен, Каржы министрлигине эки жолу кат менен кайрылдык. Жок дегенде 7 сомду 14 сомго, 10 сомду 20 сомго көтөрүү боюнча. Ошондо продуктулардын баасына дал келмек. Азыр Каржы министрлиги баарын чогуу кароону сунуштап жатат. Мугалимдердин айлыгын жогорулатуу, мектептердеги техникалык кызматкерлердин маянасы жалпы бала бакчадан, жогорку окуу жайга чейинки бардык маселелерди чогуу карайлы деп жатышат, учурда бул маселенин үстүнөн иштеп жатабыз».

Ал эми депутат Айгүл Айдарова билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбековага: «7 сомго жасалган тамакты жеп көрдүңүзбү?» деген суроо узатты.

Надира Жусупбекова азык-түлүктүн баасы кымбаттагандыктан айла жоктон окуучуларга компот менен булочка берүүгө өтүшкөнүн, тендерге жеке компаниялар катышпай жатканын билдирди.

«1-4-класстын окуучуларына үч жолу тамак жасабайт, бир жолку ысык тамак берилет. Анан 7 сомду өзүнчө албайт, ал жалпы жасалат. Азыр кыйналып жатабыз, оор болуп жатат. Азыр компот менен бир булочка бергенге мажбур болуп турабыз. Чындыкты ачык эле айтып жатпайбызбы. Мына Ысык-Ата районунда тендер алты жолу кайра жарыяланды. Арзан кезинде (азык-түлүк) жеп көрдүм, абдан даамдуу, жакшынакай жасалган тамак. Кымбаттагандан кийин да көрдүм, айла жоктон компот менен булочкага өттүк».

Билим берүү жана илим министринин орун басары билдиргендей, учурда өлкө боюнча 1735 мектептин ашканасы оңдолду. Бул жалпы мектептердин 60%ын түзөт. Калган 40% мектептин ашканалары 2023-жылга чейин оңдолуп, заманбап ашканага айланышы керек. Кыргызстандагы 278 мектептин ашканасын «Мерсико» уюму оңдоп берген.

Депутат Динара Ашимова окуучулардын ден соолугу маанилүү экенин белгилеп, медициналык текшерүүдөн канча убакытта бир өтүп турарына кызыкты.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев мектеп медицинасы жоюлганына байланыштуу көп жылдан бери пландуу текшерүү жок экенин айтып, балдар эки учурда гана медициналык текшерүүдөн өтө турганын төмөнкүчө билдирди.

«Мектептерде пландуу түрдөгү медициналык текшерүү жок. Бирок окуучулардын ооз көңдөйүн жана тиштерин текшерип турабыз. Андан сырткары бала бакчага бара жатканда жана 1-класска бара жатканда милдеттүү түрдө медтекшерүүдөн өтөт. Ушул эле».

Депутат Гүлкан Молдобекова балдар туура эмес тамактангандыктан витамин жетишпей, өзгөчө Өзгөн районунда 8-класстын окуучулары 1-2-класстын окуучуларындай болуп, өспөй калган фактыларды мисал келтирди. Ошондой эле ал бул маселе кечээ-бүгүн эле чыга калбаганын эскертип, олуттуу көңүл бурууга чакырды.

Жыйындын соңунда депутаттар аталган мыйзам долбоорун четке кагуу боюнча комитеттин чечимин кабыл алышты.

Copyright © 2017 Maral FM