Биз менен байланышыңыз

21-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 20 Фев 2022 | 678 | 0

Эртең 21-февралда күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактардагы жолдор тайгак болуп, түштүк чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12;

Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 6…11;

Ош облусунда түнкүсүн 0…2, күндүз 12…13;

Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -3…2, күндүз 9…14;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…8, күндүз 2…7;

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…-7;

Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз 9…11 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM