Биз менен байланышыңыз

Футзал чемпионатында Кыргызстандын командасы үчүнчү орунду ээледи

Кыска кабар , Спорт | 20 Фев 2022 | 455 | 0

12-19-февраль күндөрү Бишкекте өткөн CAFA U19 футзал чемпионатында Кыргызстандын командасы 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Борбор Азия футбол ассоциациясы Instagram баракчасына жарыялады.

Тажикстандын командасы менен коло үчүн беттеш 5:2 эсебинде Кыргызстандын спортчуларынын пайдасына аяктады.

Турнирде биринчи орунду Иран, экинчи орунду Ооганстан курамасы ээледи.

Бишкекте 19 жаштан ашпаган футболчулардан куралган Кыргызстан, Ооганстан, Иран, Тажикстан жана Өзбекстандын футзал боюнча жаштар курама командалары Борбор Азия мамлекеттеринин эң мыкты командасы наамы үчүн катышышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM