Биз менен байланышыңыз

Саламаттык сактоо министрлиги дипломду гана эмес, диссертацияларды да текшерет

Кыска кабар | 20 Фев 2022 | 1685 | 0

Кечээ Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясында Алымкадыр Бейшеналиев бир гана диплом эмес, медициналык мекемелердин жетекчилеринин диссертациялык иштери да текшериле турганын билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы белгилегендей, санариптештирүүнүн алкагында бардык дипломдор, диссертациялар жана илимий иштер текшерилет.

Министрдин айтымында, Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун мурдагы директору Сабырбек Жумабековдун докторлук диссертациясын таппай жатышат.

«Кечээ мага бардык отчетторду алып келишти. Алар Сабырбек Жумабековдун докторлук диссертациясын таппай жатышканын билдиришүүдө. Кээ бир дарыгерлердин дипломун кайдан жактаганын таппай жатабыз. Муну текшерген орган бар. Баарын ошол жакка өткөрөбүз», — деди Бейшеналиев.

Эске салсак, буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев үч айдын ичинде бардык аткаминерлердин, министрлердин жана депутаттардын дипломдорунун аныктыгын текшере турганын журналисттерге билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM