Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирус 35 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 20 Фев 2022 | 269 | 0

Кыргызстанда 20-февралга карата коронавирус 35 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 15, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 7, Талас облусунда — 1,  Ысык-Көл облусунда – 3.

Акыркы суткада 142 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 248 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң  457 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 322 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 194 миң 99 киши айыгып чыкса, 2 миң 944 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM