Биз менен байланышыңыз

Спортчу Бусурманкул Абдибаит уулу Москвада ооруканага жаткырылды

Кыска кабар , Спорт | 20 Фев 2022 | 1521 | 0

Кыргызстандык ММА мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу Москвада ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу ТАССтын журналисти Игорь Лазорин Instagram баракчасына билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн кыргызстандык спортчу Eagle FC чемпиондук наамы үчүн Расул Магомедов менен беттешет болчу.

«Менин билишимче, Бусурманкул ооруканага жаткырылган. Анын Eagle FC турниринде Расул Магомедовго каршы беттеши токтотулган. Бусурманкулдун ден соолугу салмактан арылуу учурунда абдан начарлап кеткен. Ооруканага жаткыруу чечими кабыл алынды. Ага бөйрөктүн курч жаракаты, билирубинемия, коагулопатия диагнозу коюлган. Венага куюлуучу инфузиондук терапия менен дарылоону талап кылат. Азыр мушкер дагы эле ооруканада жана ал жерде жок дегенде бир жума калат «, — деп жазган ал Instagram баракчасына.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM