Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк «каржы пирамидасы» кандай болорун түшүндүрдү

Кыска кабар | 19 Фев 2022 | 324 | 0

Улуттук банк жарандарды уюмдардан, кооперативдерден мүлк сатып алууда этият болууну эскертет. Себеби жарнамалары интернетке, социалдык тармактарга байма-бай чыгарылып жаткан уюмдарга азгырылып, берген акчасын кайтарып ала албай калган учурлар көп кездешүүдө.

Адатта, уюм мүлктү сатып алуу үчүн 10-50%ын алдын ала төлөөнү, калганын күтүү мөөнөтү аяктагандан кийин берүүнү сунуштайт. Улуттук банк мындай жагдайларда юридикалык документтерин тыкыр иликтеп чыкмайынча акчаны ишенип бербөөгө чакырат. Анткени ал «каржы пирамидасы» болуп калышы мүмкүн.

Андан тышкары кайрылган уюмдун «каржы пирамидасын» көздөбөй турганын билүү үчүн төмөнкү жагдайларды карап чыгууну сунуштап, алар кандай болорун түшүндүрүп берген:

1. иш жүргүзүү үчүн лицензиялык-уруксат берүүчү документтердин жоктугу же мамлекеттик реестрлерге юридикалык жактын киргизилбегени; 

2. кардарларды тартуу үчүн маалымдоо каражаттары, интернет, социалдык тармак аркылуу жигердүү жарнамалоо; 

3. кийинки каржылоонун шарты катары күтүү мезгилинин, кирүү жана мезгилдүү төгүмдөрдүн болушу; 

4. ишмердиги кардарлардын олуттуу санын тартуудан көз каранды; 

5. уюмдун уюштуруучулары, ээлери жана жетекчилери жөнүндө так маалыматтын жоктугу; 

6. уюм тарабынан каражаттар тартыла баштаганга чейин бир аз мурда гана каттоодон өткөн, баштапкы капиталы төмөн жана жалгыз эле уюштуруучусу бар; 

7. уюм жогорку кирешелүү ишканага каражат салууга убада берет, бирок аны документ менен тастыктай албайт. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM