Биз менен байланышыңыз

БИМ: Орок орто мектебинин кошумча имараты ачылды (сүрөт)

Кыска кабар | 19 Фев 2022 | 466 | 0

Сокулук районундагы Орок орто мектебинин жаңы имаратынын ачылышы өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ачылышка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Эркин Тентишев катышты.

Орто мектепте буга чейин 2668 окуучу 5 нөөмөттө билим алып келген. Буга байланыштуу 2019-жылы кошумча имарат салуу чечими кабыл алынган.

500 орундуу заманбап шарттагы имаратты салууга жалпы 110 млн 470 миң сом сарпталган. Окуу корпусунда 22 класс, 180 орундуу ашкана, 90 орундуу жыйындар залы, спорт залы бар.

Орто мектептин эски имараты 1987-жылы салынып, 230 окуучуга ылайыкташкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM