Connect with us

Визасы жок чет элдиктер Кыргызстандан 1-мартка чейин чыгып кете алышат

Кыска кабар | 18 Фев 2022 | 386 | 0

Чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар Кыргызстандан 2022-жылдын февраль айынын аягына чейин визасыз жана каттоосуз чыгып кете алышат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 1-мартынан тарта бул категориядагы жарандар тиешелүү документтерди (виза, каттоодон өтүү) бериши керек, антпесе мамлекетте жүрүү эрежелерин бузганы үчүн айып төлөшөт.

Мындай чечим мамлекеттер аралык аба, темир жол жана автомобиль каттамдарын калыбына келтирүүнү эске алуу менен Министрлер кабинети тарабынан кабыл алынды.

Эске салсак, 2020-жылдын 17-мартында коронавирустук пандемияга байланыштуу Кыргыз Өкмөтү «жашыл коридор» деп аталган токтом кабыл алган. Анын негизинде чет өлкөлүктөргө визасын көрсөтпөгөнү, убактылуу жашаган жерине каттоого турбаганы үчүн тиешелүү айып төлөбөстөн эле өлкөдөн чыгып кетүүгө уруксат берилген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM