Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Бүгүн Пакистандын ишкерлери Кыргызстанга келет

Кыска кабар | 18 Фев 2022 | 191 | 0

Бүгүн, 18-февралда Пакистандын ишкерлери Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Алынган маалыматка караганда, пакистандык ишкерлердин сапары Кыргызстандын Исламабаддагы элчилиги менен Тышкы иштер министрлиги тарабынан экономикалык дипломатия боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында уюштурулган.

13 компаниянын жетекчилеринен куралган бизнес өкүлчүлүк Кыргызстанда 21-февралга чейин болуп, Экономика жана коммерция министри, Энергетика министри, Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси менен жолугушат.

Андан тышкары Соода-өнөр жай палатасы жана кыргыз ишкерлери менен «В2В» форматындагы кездешүү уюштурулуп, «Бишкек» эркин экономикалык аймагына, «Каракол» эркин экономикалык аймагына, башка да өнөр жайларга саякат жасалат.

Чет элдик ишкерлердин сапары Кыргызстанга инвестор тартып, биргелешкен ишканаларды ачуу, эки тараптуу сооданы жана туризмди өнүктүрүү максатында уюштурулуп жатканы айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM