Биз менен байланышыңыз

Дүйнөгө таанылып жаткан жаш сүрөтчүнүн жеке көргөзмөсү ачылды

Блог | 17 Фев 2022 | 536 | 0

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде жаш сүрөтчү Арстанбек Дукуевдин «Алайкуу» аталышындагы жеке көргөзмөсү ачылды.

«Түрдүү адамдар жана жашоодо болуп жаткан ар кандай окуялар жаңы чыгарманын негизин түзөт» деп эсептеген жаш сүрөтчү 1993-жылы 19-ноябрда Ош облусунун Алайкуу айылында туулган.

2013-жылы Т. Садыков атындагы сүрөт академиясынын алдындагы коллеждин живопись факультетин аяктаган. 2018-жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинин радио, телекөрсөтүү жана кинематография бөлүмүн аяктаган.

2017-жылы Орусияда өткөн Жаштардын эл аралык «Дүйнөгө жарык берүү» кинофестивалында «Аңчылык» даректүү тасмасы үчүн «Мыкты оператордук иш» номинациясынын лауреаты болгон.

Дукуев өзүнүн чыгармаларында дайыма жеке стилин, өз образын табууга умтулат. Мындан тышкары айлана-чөйрөнүн жасалмасыз көрүнүшүн, нукура турмушту дал өзүндөй берүүгө аракет кылат.

Арстанбектин  айтымында, мыкты чыгармалар жаратылыш койнунда, шаркырап аккан суунун боюнда жаралат. Мунун аркасында эргүү келип, идея, ой-мүдөө пайда болот. Анын ар бир эмгеги өзүнүн жашоосун, мүнөзүн да чагылдырат. Чыгармага өзүн кошо жууруй алганы менен айырмаланып турат.

Жаш сүрөтчү Арстанбек импрессионализмге жакын. Чебердин эмгектери Германия, Америка, Англия, Канада, Орусия жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү жеке коллекцияларда сакталып турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM