Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда чек ара тартибин бузуп, айып пул төлөгөн чет элдиктер өлкөдөн чыгарылбайт

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Фев 2022 | 631 | 0

Өзбекстан мындан ары чек ара тартибин бузуп, айып пул төлөгөн чет элдиктерди депортациялабайт. Буга чейин алар айып пул төлөгөнүнө карабай депортацияланып келген. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, бул Шавкат Мирзиёев бир күн мурун кол койгон «Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» мыйзамда каралган.

Киргизилген толуктоолорго ылайык, чек ара тартибин бузганы үчүн салынган айыпты төлөбөгөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Өзбекстандын аймагынан чыгарылат.

Ошондой эле Өзбекстандын аймагынан чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды административдик чыгарууда Өзбекстанга кирүү укугун чектөө мөөнөтү такталды. Ага ылайык, мамлекеттик чек ара режими бир жолу бузулса, Өзбекстанга кирүү укугу 1 жылга, экинчи жолу бузулса, 3 жылга чектелет.

Эске сала кетсек, административдик чыгаруу жөнүндө чечимди кылмыш иштери боюнча райондук (шаардык) сот чыгарат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM