Биз менен байланышыңыз

Индияда үйлөнүү той учурунда 13 адам кудукка түшүп кетип каза тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Фев 2022 | 348 | 0

Индиянын түндүгүндөгү Уттар-Прадеш штатында үйлөнүү той учурунда 13 адам кудукка түшүп кетип каза тапты. Бул тууралуу BBC маалымат агенттиги жазды.

Маалым болгондой, окуя кечээ, 16-февралдын кечинде Индиянын халди жөрөлгөсү жасалып, күйөө менен колуктунун бетине куркума пастасын сүйкөп жаткан учурда болгон.

Жөрөлгөнү көрүү үчүн келген аялдар жана балдар кудуктун үстүндө жана айланасында турушкан. Натыйжада кудуктун калай капкагы салмак көтөрө албай сынып кеткен.

Кырсыкка 20дан ашуун адам кабылган. Алардын 11и кудуктун ичинде каза тапкан. Калгандары ооруканага жеткирилип, ал жерден дагы экөө көз жумган.

Бул окуя боюнча Уттар-Прадеш штатынын башкы министри Йоги Адитьянат каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам берүү өтүнүчү менен райондук бийликке кайрылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM