Биз менен байланышыңыз

Ошто жол кырсыгынан 2 жигит каза тапты

Кыска кабар | 17 Фев 2022 | 325 | 0

Ош облусунда жол кырсыгынан эки жигит каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык кечээ, 16-январдын кечинде болгон. Бишкек-Ош унаа жолунун Кара-Суу району тушунан «Жигули» жана «Нива» унаалары кагышканы тууралуу маалымат ӨКМдин райондук бөлүмүнө 21:20 чамасында түшкөн.

Райондон 4 куткаруучу жерине барганга чейин эле 1976-жылы туулган Б.И., 2003-жылы туулган Н.М. 2005-жылы туулган А.уулу А., дагы бир жашы белгисиз болуп жаткан А.У. аттуу жарандарды «Тез жардам» кызматы ооруканага алып кеткен.

Арасынан 2003-жылы туулган Н.М. жана 2005-жылы туулган А. уулу А. ооруканада каза тапкан.

Учурда кырсыктын себептери иликтенип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM