18-февралда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк чыгыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5;
Талас жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…+4;
Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -3…+2;
Бийик тоолордо түнкүсүн -29…-34, күндүз -12…-17 градус.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз 2…4 градус болот.