Биз менен байланышыңыз

Футбол: Азия Кубогуна тандоо оюндары Бишкекте да өтөт

Кыска кабар | 17 Фев 2022 | 232 | 0

2023-жылы өтө турган футбол боюнча Азия Кубогуна тандоо оюндарын өткөрө турган өлкөлөр белгилүү болду. Анын ичинде Кыргызстан да бар. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун басма сөз кызматы билдирди.

Азия футбол конфедерациясы мелдеш өткөрүүгө Индия, Кувейт, Кыргызстан, Малайзия, Монголия, Өзбекстан мамлекеттерин тандап алды. Тандоо туруна катыша турган командалар тайпаларга 24-февралда чүчүкулак таштоо аркылуу бөлүштүрүлөт. Кубокко тандоо турунун беттештери 8-июнда, 11-июнда, 14-июнда үч тур менен өткөрүлөт.

Финалдык бөлүктө калган 11 орун үчүн 24 команда ат салышат, алар чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча 4 командадан 6 тайпага бөлүнүшөт. Алты топтун жеңүүчүлөрү жана эң мыкты 5 команда финалдык турга чыгат. ⠀

Буга чейин Катар, Жапония, Иран, Түштүк Корея, Оман, Вьетнам, БАЭ, Сауд Аравия, Ливан, Ирак, Сирия, Австралия, Кытай курама командалары 2023-жылы өтө турган Азия Кубогунун финалына жолдомо алышкан.

Азия Кубогу 2023-жылдын 16-июнунда Кытайда болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM