Жол кырсыктарынын көбөйүп жатканына байланыштуу Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгы айдоочуларды жана жөө адамдарды жолдо жүрүүдө этият болууга чакырат.
Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылы 2 миң 663 жол кырсыгы катталып, анын 1346сына жөө адамдар кабылган. Андан 3 миң 396 адам жаракат алып, 64 адам каза болгон.
Тиешелүү тармактын кызматкерлери айдоочулардан жол эрежелерин сактап, этият болуп, ылдамдыкты көзөмөлдөп айдоону өтүнөт.