Биз менен байланышыңыз

Быйыл Ош шаарына 35 миң түп көчөт отургузулат

Кыска кабар | 17 Фев 2022 | 248 | 0

Ош шаарына быйыл 35 миң түп көчөт отургузуу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Быйыл Жашылдандыруу жана жашыл чарба комбинаты ийне жалбырактуу дарактын 500 көчөтүн, жазы жалбырактуу дарактын 500 көчөтүн жана 20 миң бадал көчөтүн отургузууну мерчемдеп жатат. Кечээ Осмонов көчөсүнө 100гө чукул ийне жалбырактуу дарактын көчөтү тигилди.

Мэр быйыл шаарды жашылдандырууга, көчөлөрдө бак-даракты көбөйтүүгө өзгөчө көңүл буруларын баса белгиледи.

«Жазында Ош шаарына 1,5 млн гүл эгебиз. Мындан тышкары шаардын муниципалдык-аймактык башкармалыктары 15 миң түп ар кандай көчөт жана 10 миң түп павловния көчөтүн отургузат», — деди мэр Алмаз Мамбетов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM