Кыргызстанда 17-февралга карата дагы 39 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен, Бишкек шаарында – 19, Чүй облусунда – 7, Ош облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда – 3 адамдан илдет табылган.
Былтыр пандемия башталгандан бери жалпы 200 миң 214 адам коронавирус жуктурган.
Акыркы суткада эки бейтап каза болду. Муну менен жалпы өлүм учурлары 2 миң 937ге жетти.
Соңку суткада 216 адам илдеттен сакайып, жалпы айыккандар 193 миң 601ди түздү.
Учурда 353 бейтап ооруканада, 1 миң 754 адам үйдө дарыланууда.