Быйыл жазда энергетикалык тармакты өнүктүрүү келечеги боюнча форум уюштурулат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Навид Хасан Наквинин жолугушуусунда айтылды.
Тараптар мындан тышкары, «Digital CASA – Кыргыз Республикасы» долбоорун ишке ашыруу, Дүйнөлүк банктын жазгы кеңешмелери, өнөктөштүктүн 30 жылдыгын белгилөө, калкты эмдөө, жакыр үй-бүлөлөрдүн үйлөрүнө Күн батареяларын орнотуу долбоору талкууланды.
Банктын өкүлү мындан ары да жемиштүү кызматташтыкка даярдыгын билдирди.