Биз менен байланышыңыз

Быйылкы жалпы республикалык тестирлөө качан өтөрү белгилүү болду

Коом | 16 Фев 2022 | 3390 | 0

Кыргызстанда быйыл жалпы республикалык тестирлөө 23-майдан 28-майга чейин өткөрүлөт. Каттоо 14-февралда башталган, 6-апрелге чейин уланат. Тест тапшырууну каалаган бүтүрүүчүлөрдү каттоо өзү окуган мектебинде уюштурулуп берилет. Ал эми мурда бүтүп кеткендер шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнө кайрылуулары керек. Мындан сырткары Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун сайты аркылуу онлайн да катталса болот. Ар бир катышуучу негизги жана предметтик тестке 370 сом төлөшү керек.

Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев башка да шарттарына токтолду:

«Жалпы республикалык тестирлөөгө ар бир окуучу өз каалоосу менен катышат. Тестирлөө аркылуу ар бир бүтүрүүчү өз билим деңгээлинин көрсөткүчүн аныктай алат. Түз өткүсү келгендерди каттоо ар бир райондук, шаардык билим берүү мекемелеринде уюштурулган. Ал эми ага мүмкүнчүлүгү жок бүтүрүүчүлөрдүн онлайн каттоосун жүргүзүү үчүн тийиштүү адистер даяр. Тестирлөөгө каттоо Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору иштеп чыккан талаптардын негизинде жүргүзүлөт».

Катталуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

  • паспорт же туулгандыгы жөнүндө күбөлүк;
  • орто билими жөнүндө аттестат (мурунку бүтүрүүчүлөр үчүн);
  • ЖРТга каттоо акысы төлөнгөнүн тастыктаган дүмүрчөк;
  • Талаптарга ылайык келген электрондук фотосүрөт.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева бул жылы каттоо эрте башталып, убакыт кенен берилгенин айтты.

«Студент ЖРТга өтүү үчүн окуу жайынан чыгышы керек жана тастыктама документин алып келиши зарыл. Тестирлөөгө катталуу онлайн жана кадимки тартипте өтөт. Эгерде абитуриент 16 жашка чыгып, бирок колунда паспорту жок болсо, ЖРТга каттала албайт. Ал үчүн тест күнүнө чейин паспорт алышы керек. Негизги жана предметтик тестти тапшырат. Онлайн каттоо боюнча ар бир билим берүү мекемесине дайындалган адамдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп турабыз. Убакыт кенен берилип жатат. Бардык абитуриенттин катышууга мүмкүнчүлүгү бар».

ЖОЖдордун бюджеттик орундарына жана контракттык негиздеги бардык окутуу формаларына тапшыруу үчүн ЖРТнын негизги тести милдеттүү болуп саналат. Медициналык жана фармацевтикалык адистиктерге тапшырган абитуриенттер сөзсүз химия, биология, физика сабактарынан тест тапшырышы керек. Андан тышкары математика, англис тили, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты негизги сабак катары кирген.

Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Бакыт Рысбеков өткөн жылы онлайн каттоонун натыйжасында абитуриенттер 2 миңге көп болгонун айтты.

«Мурдагы жылдан баштап онлайн форматка өтүү менен ЖРТга катталуу бир топ жеңилдеп калды. Айрым аймактарда районго келип катталышчу. Бул бир канча убакытты талап кылат. Алыскы жерден келип, айрым бүтүрүүчүлөрдүн катталууга каржылык мүмкүнчүлүгү болбой калган учурлары да кездешкен. Учурда онлайн каттоо баарына ыңгайлуу болду. Алар өзүнүн мектебинде туруп эле телефон аркылуу каттала алышат. Акчасын андан кийин деле төлөп коё беришет».

Учурда окуу жайларга өтүү үчүн негизги упай 110, предметтик упай 60 бойдон калууда. Бул сандар тесттин жыйынтыгына жараша өзгөрүшү мүмкүн.

Министрлик билдиргендей, быйыл мектепти 68 миң окуучу аяктайт. Алардын 60%ы гана тест тапшырышы ыктымал.

Жеңилдик берүү бүтүрүүчүнүн жашаган жерине, социалдык абалына жараша беш багытта жүргүзүлөт.

Эскерте кетсек, 2022-жылы мектептердеги окуу жылы 8-июнда аяктап, 9-июнда «Акыркы коңгуроо» кагылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM