Бүгүн, 16-февралда Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун төрагалыгында 2021-2026-жылдарга карата инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы талкууланды.
Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 29-январында «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыкка кол койгон. 2021-жылдын июлунда концепция бекитилген.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун маалыматы боюнча, төрт жылга эсептелген бул план негизги 4 милдет жана 11 бөлүктөн турат. Алардын ар бири тийиштүү багыттар боюнча конкреттүү иш-чараларды камтыйт.
Концепцияны ишке ашыруунун каржылык чыгымдары эсептелген. Ал жааттагы маалыматтар атайын порталга жарыяланып турат.