Биз менен байланышыңыз

17-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 16 Фев 2022 | 214 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 17-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз -4…+1;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…-6;

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10 суук болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10, күндүз -1…+1 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM