Биз менен байланышыңыз

Президент «Улуу көчмөндөр мурасы» компаниясынын бюджетин бекитти

Кыска кабар | 16 Фев 2022 | 423 | 0

Президент Садыр Жапаров «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясынын иши боюнча кеңешме өткөрдү. Анда өнөр жайды, гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктү, санариптик технологияларды өнүктүрүүгө багытталган 32 долбоор, билим берүү, туризм, медицина тармагындагы долбоорлор каралды.

Компания Ысык-Көл облусуна цемент завод куруу, жылына 5 млн тонна көмүр казып алууга боло турган «Кавак» шахтасын, Куттуу-Сай, Талды-Булак, Андаш көмүр кендерин иштетүү долбоорлорун сунуштады.

Муну менен катар Чоң-Кемин, Кара-Көл, Орто-Токой ГЭСтерин куруу, билим берүү жана IT тармагын өнүктүрүү, өнөр жай, өндүрүш тармагын кеңейтүү долбоорлору да талкууланды.

Президент сунуш кылынган долбоорлорду жактырып, өз убагында ишке ашырууну тапшырды. Ошондой эле компаниянын 2022-жылга карата бюджетин бекитип берди.

2021-жылдын декабрь айында түзүлгөн «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясына Тенгиз Бөлтүрүк жетекчи болуп дайындалды.

Финансы министрлигинин алдында түзүлгөн «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясынын максаты, эл аралык тажрыйбалар аркылуу жер казынасын пайдалануу жана бул багыттагы экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик ресурстарды жогорку деңгээлде топтоштурган түзүм уюштуруу болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM