Биз менен байланышыңыз

Жапаров оң рулдуу унааларды каттоо боюнча комментарий берди

Кыска кабар | 15 Фев 2022 | 3288 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда оң рулдуу унааларды каттоого тыюу салууну алып салуу сунушуна комментарий берди.

«Менин буга болгон көз карашым түз эмес. Биз Түркиянын салыктары боюнча тажрыйбасын көрөлү деп ойлонуп жатабыз. Ал жерде 2 литрден ашык кубу бар унаадан 10 миң доллар төлөнөт. Өзүңдү көрсөткүң келсе, 10 миң доллар төлөшүң керек», — деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасы автоунаалар боюнча статистикага токтолуп, Кыргызстанда жаңы унаалар дээрлик жок экенин белгиледи.

«Оң рулдуу унааларга уруксат берсек, Орусияда, Казакстанда, Белорусияда тыюу салынган унаалар бул жакка келип баштайт», — деди ал.

Жапаров алгач электромобилдер боюнча программаны аягына чыгарууну сунуштады.

«Учурда биз транспортту электрге өткөрүү боюнча программа жүргүзүп жатабыз. Кытай жана Корея менен эскирген унааларды алмаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө», — дейт Акылбек Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM