Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик ЖМКларда иштеген журналисттердин айлыгы көтөрүлөт

Кыска кабар | 15 Фев 2022 | 269 | 0

Быйыл мамлекеттик мекемеде иштеген кызматкерлердин айлыгы жогорулайт. Аны менен бирге массалык маалымат каражаттарында иштегендердин да айлыгы көбөйөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйында билдирди.

«Биринчи орунда мугалимдердин айлыгын көтөрүүнү карап жатабыз, экинчи орунда врачтардын айлыгы турат. Анын ичинен баарын карап чыкпаса, ар кандай башаламан учурлар да бар экен. Мисалы врачтардыкы 15 миң болсо, 11 миң алып, андан азыраак ала турган медайымдардыкы көбүрөөк чыккан учурлар бар. Булардын баарын карап чыгып, туура бөлүштүрүлүшү керек», — деди Жапаров.

Айта кетсек, буга чейин мамлекеттик маалымат каражаттарында иштеген журналисттердин айлыгы көтөрүлөрү кабарланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM