Биз менен байланышыңыз

Викрам Рузахунов кыйноого алынганы боюнча кеңири айтып берди

Кыска кабар | 15 Фев 2022 | 312 | 0

Акыйкатчы институтунун аппарат жетекчиси Аскат Азарбеков Казакстандагы «январь тополоңу» учурунда Алматы шаардык полициясы тарабынан кыйноого кабылган музыкант Викрам Рузахунов менен анын адвокатын кабыл алды.

Викрам Рузахунов Аскат Азарбековго Казакстанда көргөн кордугун төкпөй-чачпай айтып берген. Аны менен бирге ошол учурда көрсөткөн көмөгү үчүн Акыйкатчы аппаратына ыраазычылыгын билдирген.

Аппарат жетекчи менен музыканттын адвокаты жабырлануучунун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын эл аралык документтердин негизинде коргоонун жолдорун талкуулашты.

Эске салсак, Акыйкатчы институту 2022-жылдын 10-январында Казакстандын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эльвира Азимовага Викрам Рузахунов боюнча кайрылуу жөнөткөн, Акыйкатчы аппаратынын өтүнүчү менен Казакстан Омбудсмени маселени өз көзөмөлүнө алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM