Биз менен байланышыңыз

Баткенде жол кырсыктан бир адам каза тапты

Кыска кабар | 15 Фев 2022 | 212 | 0

Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда болгон кырсыктан бир аял каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

ӨКМдин Кадамжай райондук бөлүмүнө Ноогардан айылы тушта кырсык болгону тууралуу маалымат кечээ, 14-февралда кечки саат 22:34тө түшкөн.

Унаа жолдо «Ауди» жана «Мерседес Бенц» унаалары кагышып, кырсыктан 1955-жылы туулган Ф.Ы. аттуу бир аял каза тапкан.

Жерине ӨКМдин райондук бөлүмүнөн 4 куткаруучу барып, каза тапкан жарандын сөөгүн унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыр тарткан 1988-жылы туулган Д.Р., 1988-жылы туулган Ф.Ү., 1952-жылы туулган Ф.Т., 2018-жылы туулган О.М. Кадамжай райондук ооруканасына жеткирилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM