Биз менен байланышыңыз

Бишкекте нандын калдыктары үчүн атайын урналар орнотула баштады

Кыска кабар | 14 Фев 2022 | 281 | 0

Бишкек шаарына нандын калдыктарын таштоо үчүн атайын урналар орнотула баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз билдирди.

Мындай таштанды челектерди орнотуу демилгесин жаш активисттер көтөргөн. Алардын бул ыкмасы аркылуу биринчиден, нанды кордобоого чакырык ташталса, экинчиден, таштанды жайлардын жанындагы жолбун ит-мышыктардын азаюусуна жардам берерин белгилейт мэрия.

Ошол эле учурда шаардын тазалыгына көмөк көрсөткөн жигердүү жарандарга ыраазычылык билдирип, борбордун тургундарынан орнотулган челектерге нандан башка таштанды салбоону өтүнөт.

Ушул жылдын акырына чейин Бишкек шаарына 1500дөн ашуун нан салган челек орнотуу пландалып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM