Биз менен байланышыңыз

Арзыбек Кожошев эл каттоону жакшы өткөрүүнү тапшырды

Кыска кабар | 12 Фев 2022 | 434 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Улуттук статистикалык комитетинин коллегиясына катышты.

Мекеменин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана 2022-жылга пландары тууралуу маалымат берди.

Арзыбек Кожошев өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан натыйжалуу өнүгүүсү расмий статистикалык маалыматтарды өз убагында алуу жана талдоо зарылчылыгы менен байланыштуу экенин айтты.

Ал калкты жана турак жай фондун каттоо биринчи жолу мобилдик тиркемени пайдалануу аркылуу электрондук форматта өткөрүлөрүн билдирди. Ошондой эле улуттук статистикалык системаны санариптештирүү боюнча ишти күчтөндүрүүнү тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM