Биз менен байланышыңыз

Фарид Ниязов дагы эки айга тергөө абагында калтырылды

Кыска кабар | 12 Фев 2022 | 312 | 0

Октябрь окуялары боюнча жазык иштин алкагында президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов дагы эки айга тергөө абагында калтырылды.

Чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Ошондой эле соттук териштирүүнүн мөөнөтү да эки айга, 18-апрелге чейин узартылды.

Ниязов 2019-жылдагы Кой-Таш окуяларынан кийин кармалган. Былтыр 5-6-октябрь окуялары учурунда бошотулган. Андан кийин 9-октябрда борбордук аянтта болгон окуяга байланыштуу «массалык башаламандык уюштуруу» беренеси ачылган иштин алкагында кайра кармалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM