Биз менен байланышыңыз

Бишкекте троллейбус айдоочуларынын 36сы жол эрежеси боюнча сынактан өтпөй калды

Кыска кабар | 11 Фев 2022 | 312 | 0

Бишкекте троллейбус айдоочулары үчүн «жол эрежесин билүү» боюнча сынак өттү. Бул тууралуу борбор калаанын Патрулдук милиция кызматынын жетекчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, катышуучулар айдоочулардын эң көп кетирген каталарына жооп беришкен.

Жалпысынан 267 айдоочу сынактан өтсө, анын 36сы тиешелүү баллды ала алган эмес,  ал эми 4 адам жүйөлүү себептер менен сынакка келбей калган.

Экзамендин жыйынтыгында автоинспекторлор профилактикалык маек куруп, ар бир айдоочуга жол эрежесинин кайсы пункттарын бузганын жана бул үчүн кандай жоопкерчиликке тартыларын түшүндүрүштү.

Ошондой эле биринчи жолу экзаменден өтпөй калгандарга, кайра тапшырууга уруксат берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM