Жогорку Кеңешинин экс- депутаты А.А. ишкердин 2 млн доллар өлчөмүндө акчасын алып,алдамчылыкка шектелүүдө. Бул боюнча ишкер арыз менен УКМКга кайрылган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, алынган материалдар бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечим кабыл алууга негиз болгон.
Иш боюнча чогултулган далилдердин негизинде А.А. аталган кылмышка шектүү катары кармалып, ага ылайык айып тагылып, 10-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан тергөө мөөнөтү бүткөнгө чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.