Биз менен байланышыңыз

11-февраль илимпоз аялдардын күнү

Кыска кабар | 11 Фев 2022 | 338 | 0

Бүгүн дүйнө илимдеги аялдардын жана кыздардын эл аралык күнүн белгилейт. Аялдарды илимий-техникалык чөйрөдө колдоо алар үчүн гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн өнүгүүсү үчүн да маанилүү.

Кыргызстанда илимий-техникалык тармактарда кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн стигмалоо, ошондой эле бул тармактарда гендердик ажырым дале бар. 2019-жылдын маалыматы боюнча илим, техника жаатында 3452 аял, 8025 эркек иштейт, тактап айтканда, тармакта эркектер аялдардан 2,3 эсеге көп. Бул ажырым өлкөдөгү жаштар арасында компьютердик программалоону үйрөнүүдө да байкалат. Былтыркы жылы Токмок, Талас, Каракол, Нарын жана Кызыл-Кыя шаарларындагы беш IT-лицейин 62 окуучу бүтүрсө, алардын көбү эркек балдар болгон.

Азыркы учурда беш лицейдин долбоору «Сорос-Кыргызстан» фонду тарабынан Кыргыз программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын ассоциациясы менен биргеликте аймактагы жаштардын, анын ичинде кыздардын IT-тармагында мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн атайын долбоор иштеп чыкты.

Долбоордун алкагында башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн деңгээли үчүн «программист» кесиби боюнча окуу планы  түзүлгөн, окутуу үчүн инфраструктура даярдалган, класстарда оңдоо иштери жүргүзүлүп, координаторлор, тренерлер жана насаатчылар тартылган. Долбоор аяктагандан кийин аспиранттар IT-адистерине муктаж болгон шаардын ар кайсы мекемелеринде практикадан өтүшкөн.

Учурда долбоордо программалоону үйрөнүүнү каалаган кыздардын саны көбөйгөн. Мисалга алсак, Таластагы лицейде бул жылы 10 студенттин ичинен 6 кыз биринчи курска кабыл алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM