Биз менен байланышыңыз

Оштогу «Кыргызстан» кинотеатрына Рахман Разыковдун ысымы берилди

Көңүл ачуу , Кыска кабар | 11 Фев 2022 | 8480 | 0

Ош шаарындагы «Кыргызстан» кинотеатрына КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү куудул, сатирик Рахман Разыковдун ысымы ыйгарылды. Чечим 10-февралдагы Ош шаардык кеңештин депутаттарынын сессиясында кабыл алынды.

Белгилүү куудул Рахман Разыков Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай айылында төрөлгөн. Ал  «Бешилик», «Беш-Тапан» куудулдар тобун түзүп, чоң сахнага алып чыккан. Анын «Ар бир айдын алтысы, аралаштын азил-күлкү тамашасы» долбоору көпчүлүктүн колдоосуна татыган. Ошондой эле ал куудулдардын сатираларын жазып, тасмаларда да роль жараткан.

Белгилүү сатирик 2021-жылы 66 жашында коронавирустан каза болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM