Бүгүн, 10-февралда Биринчи Май райондук сотунда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын активдүү мүчөсү Мирлан Ураимовдун баш коргоо чарасы каралып, сот аны 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Ураимовдун партиялаштары билдирди.
Ураимов Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык) менен 8-февралда УКМК кызматкерлери тарабынан кармалып, 48 саатка камалган болчу.
Ал «социалдык тармактарда чагымчыл материал тараткан» деген шек менен айыпталууда.