Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Акыркы суткада 1 миң 976 адам бустердик эмдөөдөн өттү

Кыска кабар | 10 Фев 2022 | 302 | 0

Акыркы суткага карата 1 миң 976 адам коронавируска каршы эмдөөнү кайталап алышты. Муну менен бустердик доза алгандардын жалпы 83 миң 276 адамга жетти. Бул тууралуу COVID-19 боюнча республикалык штаб билдирди.

Кайталап эмдөө алгандардын аймактык статистикасы төмөнкүдөй болду:

  • Жалал-Абад облусунда — 474 адам;
  • Ош облусунда — 392 адам;
  • Ысык-Көл облусунда — 268 адам;
  • Баткен облусунда — 184 адам;
  • Бишкек шаарында — 175 адам;
  • Чүй облусунда — 158 адам;
  • Ош шаарында — 138 адам;
  • Нарын облусунда — 116 адам;
  • Талас облусунда — 71 адам.

Ал эми акыркы суткага карата вакцинанын биринчи дозасын 5 миң 484, экинчи дозасын 752 адам алган.

Өлкөдө эмдөө жараяны башталгандан бери 1 млн 365 миң 711 адам биринчи доза менен, 1 млн 112 миң 645 адам экинчи доза менен эмделди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM