Биз менен байланышыңыз

Баткенде энергетикалык суусундукту мыйзамсыз ташыгандар кармалды

Кыска кабар | 10 Фев 2022 | 204 | 0

«Баткен» бажысы Кадамжай районунан энергетикалык суусундукту мыйзамсыз ташыган жаран кармалганын кабарлады.

Маалым болгондой, бажы кызматкерлери Исфана-Баткен-Ош унаа жолунун Кадамжай шаары тушунан Mercedes-Benz Sprinter унаасын токтотушкан. Унааны текшерүүдө ар бири 450 мл болгон 5 миң 952 банка «Ягуар» энергетикалык суусундугу табылган.

Айдоочунун жүктү алып өтүүгө уруксат кагазы жок болгон, товарларга акциздик марка чапталган эмес.

Факты тиешелүү каттоого алынган соң, материалдар Баткен облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM