Биз менен байланышыңыз

Казакстан быйыл курал-жарак чыгарууга көбүрөөк каражат жумшайт

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Фев 2022 | 673 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

2022-жылы коргонуу өндүрүшүндө бир катар долбоорлор жүзөгө ашарын Казакстандын Өндүрүш жана инфратүзүмдү өнүктүрүү министрлиги сайтына жарыялады.

Маалым болгондой, быйыл Казакстандын заводдорунда курал-жарак, аскердик техника көбүрөөк чыгарылат. Атап айтканда, Алматыдагы «№405 учак оңдоо» заводу МИ-171Ш тик учактарын курап чыгууну, Астанадагы «Казакстан авиация өндүрүшү» ишканасы Airbus учактары үчүн тейлөө борборун түзүүнү, Петропавлдагы «Оор техникаларды жасоо» заводу чек араны коргоого керектелген аскердик курал-жарак, техника жасоону, ошондой эле «Тыныс», «Алма МҮ», «Милитарм» ишканалары радиациялык жана химиялык коргонуу куралдарын чыгарууну пландаган.

Булардан тышкары «Семей инжиниринг» компаниясы бронетанк жасаса,  Steelmanufacturing компаниясы автоматтын ок-дарысын өндүрөт. Ал эми «Қазақстан Парамаунт инжиниринг» компаниясынан «Барыс 8х8» танкасы, «Тыныс» заводунан Калашников автоматынын 12-үлгүсү жана 15-үлгүсү чыгарылат.

Казакстандын күч түзүмдөрүн, аскерлерин заманбап курал-жарак, техника менен камсыз кылуу башкы милдеттеринин бири экени айтылат министрликтин маалыматында.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM