Биз менен байланышыңыз

Былтыр өспүрүмдөргө карата 1827 кылмыш иши катталды

Кыска кабар | 9 Фев 2022 | 311 | 0

2021-жылы өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштар боюнча 1827 сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев басма сөз жыйында кабарлады.

Анын ичинен 986 иш кыскартылган, 13 иш бир өндүрүшкө бириктирилген, 411 иш соттук кароого жиберилген жана 417 иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Жашы жетпеген өспүрүмдөргө карата болгон зордук-зомбулук фактылары боюнча 2021-жылы ички иштер органдары тарабынан 238 кылмыш иши катталган.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен 149 иш соттук кароого жиберилген, 85 иш кыскартылган, 4 иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Былтыр жашы жетпеген өспүрүмдөр тарабынан жасалган 971 кылмыш катталган. Анын 114ү бир өндүрүшкө бириктирилген, 400 иш кыскартылган, 442 иш соттун кароосуна жиберилген жана 15 иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM