Биз менен байланышыңыз

Өлкө боюнча мыкты мектепти тандоо сынагы башталды

Кыска кабар | 9 Фев 2022 | 1176 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын эң мыкты мектептерин тандоону баштаганын маалымат кызматы кабарлады.

Бул боюнча министрдин орун басары Надира Жусупбекова 8-февралда аймактык билим берүү бөлүмүнүн башчылары менен онлайн-конференция өткөрүп, тандоо сынагынын максатын, талаптарын айтып берген. Ал өз сөзүндө мыкты тажрыйбаларды үйрөнүү керектигин белгилеген.

Тандоо сынагына келип түшкөн өтүнмөлөрдү кароо үчүн атайын жумушчу топ түзүлдү. Алар Билим берүү жана илим министри 4-февралда кол койгон №107/1 буйруктун, «Кыргыз Республикасынын мыкты мектептерин тандоо жөнүндө» жобонун негизинде иш алып барышат.

Сунушталган өтүнмөдө окутуу, билим берүү кызматтарын өнүктүрүү, заманбап окуу-методикалык комплекстерин, анын ичинде электрондук билим берүү булактарын түзүү жана пайдалануу тажрыйбасы, жетишкен ийгиликтери камтылышы керек. Тандалып алынган мыкты мектептердин таанытым сабактары министрликтин интернет баракчаларына жайгаштырылат.

Кеңири маалыматты (0312) 66-10-46 телефону аркылуу министрликтин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү бөлүмүнүн адиси Салтанат Өмүркановадан алууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM