Биз менен байланышыңыз

Ошто «дайынсыз жоголду» делген кыздын сөөгү көмүлгөн жеринен табылды

Кыска кабар | 9 Фев 2022 | 230 | 0

Ошто «дайынсыз жоголду» делип, изделип жаткан кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаардык милициясына Кеңеш айылынын тургуну кайрылып, 2000-жылы туулган кызы 30-январда окуусуна кеткен бойдон кайтып келбегенин маалымдаган.

Бул факты боюнча Сулайман-Тоо милиция бөлүмү иликтөө жүргүзүп, кыздын жоголушуна себепкер деген шек менен Ноокат районунун 1998-жылы туулган тургуну Н.А.ны 8-февралда кармап, суракка алышкан.

Ал изделип жаткан кызды үйүнө алып келгенин, экөө сүйлөшүп отуруп, уруша кетишкенин, андан соң ачууланып, аш бычак менен бир нече жолу сайгылап өлтүрүп салганын мойнуна алган. Кылмышка шектүү кыздын сөөгүн үйүнүн жанына чуңкур казып көөмп, кийимдерин, сумкасын ажатканага ыргытып жиберген да, өзү окуя болгон күндүн эртеси Өзбекстан аркылуу Орусияга учуп кеткен. Шектүүнүн айтымында, кыз экөө ОшМУнун 4-курсунда чогуу окушуп, көптөн бери кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүшкөн.

Алынган көрсөтмөнүн негизинде кыздын сөөгү 35-40 сантиметр тереңдиктеги чуңкурдан табылган. Алгачкы кароодон аныкталгандай, кызга 9 жолу бычак сайылган.

Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин, учурда соттук-биологиялык, соттук-медициналык, соттук-криминалистикалык экспертизалар дайындалып, тергөө, сурак иштери жүрүп жатканын айтты Ош шаардык милициясы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM