Биз менен байланышыңыз

Кыргыз эл артисти, композитор Жылдыз Малдыбаева көз жумду

Кыска кабар | 8 Фев 2022 | 1001 | 0

Кыргыз эл артисти, «Даңк» медалынын ээси, кыргыз кыздарынан чыккан туңгуч композитор, профессор Жылдыз Малдыбаева 75 жашында дүйнөдөн өттү. Бул кабарды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Жылдыз Малдыбаева 1946-жылы 6-июлда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында төрөлгөн. Болочок композитор кичинесинен атасы СССРдин эл артисти, кыргыз профессионал музыка искусствосунун негиздөөчүсү Абдылас Малдыбаев менен апасы Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти, театр актрисасы Батипа Малдыбаевадан таалим алып, музыка дүйнөсүнө, искусство чөйрөсүнө жакын өскөн. Кызынын талантын байкаган атасы 1953-жылы П. Шубин атындагы музыкалык мектепке 1-класска берген. Андан соң 1962-1966-жылдары М. Күрөңкеев музыкалык-хореографиялык окуу жайдан окуган. Аны бүткөндөн кийин, 1966-жылы У. Гажибеков атындагы Баку консерваториясына тапшырган. Ал жерде Кара Караевдин классынан эки жыл билим алып, анан Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтуна которулуп келип, 1972-жылы аяктаган.

Эмгек жолу 1969-жылы В. В. Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунда (учурда И. Арабаев атындагы КМУ) иштөө менен башталган. Институттун алдында «Мурас» вокалдык-аспаптык ансамблин уюштуруп, элдик жана обончулардын, композиторлордун ондогон ырларын иштеп чыккан.

Ал чыгармачылык жолунда көптөгөн хордук-вокалдык, вокалдык-симфониялык, камералык-вокалдык, аваздык-аспаптык чыгармаларды жараткан. Айрыкча, симфония, сюита, прелюдия, токката, соната жанрында көбүрөөк эмгектенген. Бир нече элдик ырды кайрадан иштеп чыккан. Көптөгөн акындардын текстине мукам обондорду чыгарган. Андан тышкары 30дан ашуун теориялык-методикалык жана хрестоматиялык китеп жазган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM