Биз менен байланышыңыз

Ардагер мугалим: Жаңы мектеп салдыруу үчүн 27 жолу кат жолдодум

Кыска кабар | 8 Фев 2022 | 493 | 0

Сузак районунун Кашка-Терек айылындагы мектепке жаңы имарат салдыруу үчүн 2013-жылдан бери 27 жолу кат жолдодум, бирок дагы деле курула элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде аталган мектептин ардагер мугалими Маматкарим Мырзабеков билдирди.

Мектепте 350 окуучу эки нөөмөт менен окуп, 30 мугалим билим берет. Имараты 1974-жылы фин тибинде курулган. Учурда жыгачтары чирип, кооптуу абалда турат. Капиталдык оңдоодон өткөрүүгө да болбой калган.

2016-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сузак райондук бөлүмү мектептин колдонууга жараксыз деген чечим чыгарган. Бирок авариялык абалга карабай, ушул кезде да сабактар өтүлүп жатат.

Мырзабеков ошондой эле Кыз-Көл айыл өкмөтү жер бөлүп бергенин айтып, мектеп курууга жардам берүүнү суранды.

Copyright © 2017 Maral FM