Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Бишкек жашыл чарба» ишканасында коррупциялык схема аныкталды

Кыска кабар | 8 Фев 2022 | 314 | 0

«Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын башкы эсепчиси жана эсепчиси мамлекеттин акчасын уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ишкананын башкы эсепчиси А.Э.О менен эсепчиси А.А. коштомо каттарды, маяна ведомостун жасоо жолу менен кызматкерлерге ашыкча эмгек акы жазып, ал акчаларды өздөрү алып коюшкан. Мунун негизинде өлкө казынасы 800 миң сомдон ашуун зыянга учураган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүмү менен иш козголду. Тергөөнүн жүрүшүндө А.Э.О. күнөөсүн мойнуна алган. Ошол эле учурда күнөөлүүлөр алган акчаларын мамлекетке кайтарып берген.

Учурда тергөө аяктап, иш сотко өткөрүлүү алдында турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM