Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бишкекке 15 мектеп, 1 бала бакча курулат

Кыска кабар | 7 Фев 2022 | 596 | 0

Бишкек шаарында республикалык бюджеттин эсебинен 15 мектеп жана 1 бала бакча курулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылы билим берүү мекемелерине жаңы имарат салуу үчүн бюджеттен 1,5 миллиард сом каралган. Анын негизинде Көлмө конушундагы №78 мектепке жаңы корпус, Ак-Босого, Рухий-Мурас, Алтын-Ордо, Мурас-Ордо, Ак-Ордо конуштарына жаңы мектеп, Ак-Бата конушундагы мектепке китепкана жана спорт залуу бекитилди.

Андан тышкары № 6, №40, №20, №75, №73 мектептерге жаңы корпус, №35 мектепке спорт зал, Жал кичирайонуна 140 орундуу бала бакча салуу, № 76 мектепти капиталдык оңдоодон өткөрүү, №10 мектепти жаңыртуу каралып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM